Биз менен байланышыңыз

Кытай артисттери койгон «Манас» операсы кыйкырык-сүрөөн менен коштолду

Билим-маданият | 13 Июн 2019 | 726 | 0

Бишкекте алгачкы жолу кытай артисттеринин аткаруусундагы «Манас» операсы коюлду. Жусуп Мамайдын варианты боюнча даярдалып, төрт көшөгөдөн турган операны 200дөн ашык труппадан турган Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театры тартуулады. Операда «Манас» жана «Семетейдин» турмушу, эрдиги жана ийгиликтери камтылган.

Борбор калаада биринчи жолу кытай артисттери койгон операны кыргыз күйөрмандары кыйкырык-сүрөөнгө алып, «Манастап» ураан чакырып көрүштү. Опера театры жыкжыйма толуп, отурганга орун таппай калгандар да болду. Кытай артисттери тартуулаган «Манас» операсынан  соңунда, кыргыз көрөрмандары таасирлерин төмөнкүчө бөлүшүштү:

— Аябай жакшы, «Манас» деп кыйкыргандары эле өзүнчө керемет!

— Сонун болду, толкунданып турабыз! Кыргыз кыйын элбиз да! 

— Опера жакшы болду, Манас атабыздын арбагы бир козголду го?..

— Бул — дипломатиянын күчү. Операдан алган таасирди сөз менен айтып жеткире албайм. Ошол доорго барып келгендей болдук.

Ал эми, музыка сынчысы, композитор Тимур Саламатовдун айтымында, операнын музыкасы ийине жете иштелип, Европа операларынын деңгээлинен эч айырмаланбайт. Айрыкча, артисттердин костюмдары чебер жасалган. Ал эми сахна жасалгасы жаңыча ыкма менен кооздолуп, көрүүчүлөрдү тартып турат. Кытай артисттери кыргыздын нукура жүзүн, өнөрүн дээрлик көрсөтө алышканын айтып, буларга токтолду:

— Мага өзгөчө жакканы, кытайлар кандай ырдайт билбейм, бул жерде арияны эпостогудай жети-сегиз муундук ыр өлчөмүнө салып аткаргана аракет кылышыптыр. Кыргыз элдик музыкасына жакындаткан. Жалпысынан музыкасы элестүү, көркөм, жеткиликтүү болуптур. Ырчылары арияларды мыкты аткарды.

Ал эми манасчы Самат Көчөрбаевдин пикиринде, эпосто кыргыздардын кытайлар менен болгон кармашын кытайлардын өздөрү даңазалаганы өзгөчө таасир калтырат. Андан тышкары, эпостун негизги сюжетинин маанилүү жерлерин кыскартып, коюучу топ бардык жагынан жеткиликтүү иштеген. Кытайдын борбордук опера театры «Манас» эпосун репертуарына кошкону, кыргыз маданиятын дүйнөгө дагы да таанытат.

— Биздин баалуулуктарга өзгө элдин кызыгып жатканы, биз өзүбүз эмне кылып жатабыз деген коңгуроону каккандай. «Манасыбызга» эле эмес, бардык баалуулуктарыбызга кызыгып иликтеп, камкордук кылып жатат. Ошол эле убакта биз өзүбүз тилекке каршы, татыктуу мамиле кыла албай жатабыз. Башка өлкөлөрдүн мамлекеттин өзөгүн түзгөн маданиятыбызга кызыгып жатканы жакшы белги деп түшүнсөк болот.

Кытайлык кыргыз Тургунаалы — манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү. Ал кыргыз коомчулугуна манасчы жана бийчи катары таанылган. Жусуп Мамайдын вариантында кытай артисттери ойноп жаткан опера тууралуу таасирлерин төмөнкүчө бөлүштү:

— Жуңго эли — улуу эл, көп эл. Бирок менимче, көкүрөгү да кенен эл экен. Анткени, аз сандуу улуттарга «тилиңерди, маданиятыңарды жоготпогула» деп шарт түзүп берип жатканы — мунун бирден бир далили. Манасты оозеки айтып келдик, жазма түрүндө тараттык, драмалаштырып койгонун көргөнбүз, бирок операда көрө элек  болчубуз.

Эскерте кетсек, операнын сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы «Манас» эпосунун негизинде жазылган. Өткөн жылы президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапарынын алкагында да бул опера көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM