Биз менен байланышыңыз

Каныбек Иманалиев: «Манас» айтууну көркөм өнөр дегендер жаңылышат

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2020 | 851 | 0

«Манас» айтууну көркөм өнөр дегендер жаңылышат, ал — андан да бийик. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Каныбек Иманалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 сааттан ашык «Манас» айтуу менен рекорд койгонун, эми аны дүйнөгө жайылтуу керектигин белгиледи. Ошондой эле Гиннестин китебине киреринен шек санабай турганын айтты.

«Дөөлөт Сыдыков, Рысбай Исаков, Улан Исмаилов — бүгүнкү күндүн алп манасчылары. Саякбай Каралаев 3 миллиондой сапты мээсине батырган. Ал эми адамдын мээсине 70 миң маалымат батары айтылат. Демек, Саякбай Каралаевдин сыйкырын ачып берүүгө бүгүнкү илимдин күчү жетпейт. «Манас» айтуу искусстводон да бийик», — деди Иманалиев.

Ал кошумчалагандай, китеп окуп, академик болууга болот, бирок манасчы болуу мүмкүн эмес.  Манасчы — тарыхчы, санжырачы, ылаңчы, дарыгер, актер, ырчы, комментатор, баяндоочу, обончу, режиссер, мугалим ж.б. Мурда «Манасты» эл коргоп келсе, эми мамлекет коргоого милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM