Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин: Кыргыз-кытай мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярмын

Без рубрики , Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 781 | 0

«Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду»

Мындай пикирин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңири курамдагы жолугушуусунда билдирди.

Ал Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан президенти кызматына киришкенден кийин өлкө экономикасын өнүктүрүү, социалдык туруктуулукту сактоо, коррупция менен күрөшүү, элдин бакубатчылыгын жакшыртуу боюнча бир катар иш-чаралар кабыл алынганын баса белгиледи.

Си Цзиньпин эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Мамлекеттик визиттин алкагында көп пландуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү пландап, аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экендигин кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM