Биз менен байланышыңыз

Депутат Зарылбек Рысалиев палатага которулду

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 641 | 0

Депутат Зарылбек Рысалиев жандандыруу бөлүмүнөн катардагы палатага которулду.

Бишкектеги атайын адистештирилген оорукананын дарыгери Александр Олексюк кабарлагандай, депутат палатага бүгүн которулган.

«Сыркоонун кан басымы туруктуу эмес. Ал ашыкча тынчсызданбашы керек. Ошондуктан, аны менен учурашып, абалын көрүүгө туугандарына гана уруксат берилди», — дейт дарыгер.

Зарылбек Рысалиев «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылганы боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берген.

Төрт сааттык сурактан соң тыныгууда Рысалиев өзүн жаман сезип, дарыгерлердин жардамы керектелген. Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM