Биз менен байланышыңыз

Депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 3 Авг 2019 | 440 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди кечээ, 2-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Зарылбек Рысалиев “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча суралып жатат.

Депутат 7-июнда эртең менен Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылган. Сурак учурунда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал эми июль айынын башында депутат ооруканадан чыгарылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM