Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгер үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 551 | 0

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн эрте бошогону боюнча кылмыш ишинин негизинде камакка алынган онколог дарыгер Эмил Макимбетов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат бөлүмү билдирди.

Дарыгердин баш коргоо чарасы мурдагы күнү Бишкек шаардык сотунда каралып, ал үй камагына чыгарылган. Буга негиз болгон себеп азырынча айтыла элек.

Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде «рак оорусуна чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошонуп, Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш ишин иликтөө ушул айдын башында жанданган. Анын алкагында алты жыл мурда «кримтөбөлдүн ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов жана бир катар медицина кызматкерлери кармалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM