Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын карайт

Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 787 | 0

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кой-Таш окуясындагы башаламандык, барымтага алуу сыяктуу кылмыштарга шектелип камакка алынган Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы боюнча аппеляциялык арызы каралат. Бул тууралуу КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адиль Турдукулов билдирди.

Отурум саат 09:30 белгиленген. Турдукулов шектүү Жээнбековго саясий басым болуп жатат деген пикирде.

Равшан Жээнбековго сөзсүз басым же саясый кугунтук болуп жатат. Ага карата аракеттер эч кандай укуктук жактан негизделген жок. Кой-Таштагы окуяда медиатордун гана ролун аткарган. Анын эч кандай бийликти басып алуу же дагы башка терс ойлору болгон эмес. Менимче, анын оппозициялык ишмердиги үчүн ушундай иштер болуп жатат, — деген билдирүүсүн өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу кылмыш иштерин жасоого тиешеси бар деп, 12-декабрда камакка алынган.


Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 9-февралга чейин камакка алынды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-декабрда анын баш коргоо чарасы карап, 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM