Биз менен байланышыңыз

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 9-февралга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 812 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кечээ, 14-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралып, сот 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарды. Бул тууралуу адвокаты Замир Жоошев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 1,2,3-бөлүмдөрүндө (массалык башаламандыкты уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыш иштерин жасоого тиешеси бар деп, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков  12-декабрда 48 саатка кармалган болчу.

14-декабрда буга дагы бир  “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси кошулганы кабарланды.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Ташта болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM