Биз менен байланышыңыз

Сот «Антошка» тамактануу жайынын ижарачысын үй камагына чыгарды

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 1432 | 0

Өрт чыгып, жарылуу болуп, 1 кыз каза тапкан “Антошка” кафесинин ижарачысы үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарганын шаардык милиция кабарлады.

1963-жылы туулган К.А. сотко чейинки өндүрүштүн алкагында үй камагында болот.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы аны Жазык кодексинин “Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 9-ноябрда кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.


Өрттөнүп кеткен «Антошка» тамактануу жайынын кожоюну камакка алынды


8-ноябрда “Ала-Тоо” кино театрынын маңдайындагы тез татым жайында өрт чыгып, бир нече ирет жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы бир кызматкер кыз көз жумган. Өрт ошол эле күнү 15.21де толугу менен өчүрүлгөн.

Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Өрттөн жабыркаган 7 адам Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда жаткырылган. Алардын ичинен экөө жаш балдар. Дагы үчөө дарыланып, үйлөрүнө чыгып кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM