Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Рысалиев буга чейин Кытайга да барып келди, эч ким унчуккан жок

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 719 | 0

«Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидеринин орун басары, депутат Талант Мамытов үй камагында делген депутат Зарылбек Рысалиевдин президенттин БАЭ сапарына расмий делегация мүчөсү катары кошулганы боюнча суроолорго жооп берди. Маекти Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу алып, өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады:

-Учурда Президент Сооронбай Жээнбековдун БАЭ (Бириккен Араб Эмирлиги) сапарына Батукаевдин иши боюнча үй камагында олтурган депутат Зарылбек Рысалиев эмне себептен кошулду деген суроолор берилип жатат. РАЖ фракциясы буга кандай жооп берет?

-Мындай чечимди фракция кабыл алып, делегациянын курамына Зарылбек Рысалиев кошулган. Себеби БАЭ, Кувейт, Сауд Арбия, Катар жана башка бир катар араб өлкөлөрү менен парламенттер аралык кызматташуу боюнча достук тобунда биздин фракциядан Зарылбек Рысалиев иштеп келет. Андыктан бул жерде таң кала турган эч нерсе жок.

-Бирок Азиз Батукаевдин иши тууралуу тергөөдө жүргөн жана үй камагында олтурган депутатты бийик деңгээлдеги, Президенттин деңгээлиндеги сапарга кошууда сиздердин фракцияда кандайдыр бир суроолор пайда болгон эмес беле?

-Биринчиден, депутатты анын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоол боло тургандай же чет өлкөгө чыгууга тыюу салуучу соттун чечими жок. Экинчиден, тергөө органдары дагы анын үй камакка чыгаргандыгы жана анын шарттары боюнча фракцияга эч кандай билдирүү же расмий маалымат берген эмес. Депутат өз милдетин аткарып жатат. Буга чейин ал Кытай Эл Республикасындагы ооруканалардын биринде дарыланып келген. Анда да тергөө органдарынан чектөө болгон эмес.

-Ошондой болсо да, үй камагындагы атуулдун ээн-эркин жүргөнү туурабы?

-Зарылбек Рысалиев депутат катары өзүнүн милдеттерин аткарып жатат. Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйындарына катышып эле жүргөн. Фракциянын тапшырмасы менен иш сапарга кетти. Дагы бир жолу айтайын жөнөкөй атуул катары анын үй камагында экени жана мындай бөгөт чаранын шарттары тууралуу фракцияга тергөөчүлөрдөн расмий билдирүү келген эмес.

 

Маектешкен Ибраим Нуракун уулу, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси

Copyright © 2017 Maral FM