Биз менен байланышыңыз

Шамиль Атаханов менчик клиникага которулуп, текшерүүдөн өтүп жатат

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 424 | 0

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарылганы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов менчик клиникага которулуп, текшерүүдөн өтүп жатат.

Ал учурда интенсивдүү терапия бөлмөсүнө жаткырылганын оорукананын башкы дарыгери Дамир Осмонов маалымат каражаттарына билдирген.

Клиникага которулганга чейин Атаханов үч жолу эсин жоготкон. Учурда анын себептерин аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Шамил Атаханов кечээ Ички иштер министрлигинде сурак учурунда ден соолугу кескин начарлап, дарыгерлер аны замбил менен алып кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM