Биз менен байланышыңыз

Депутат Зарылбек Рысалиев ооруканадан чыга элек

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 745 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев ооруканадан чыга элек. Депутат кечээ сурак берип жатып ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлер билдиргендей, эл өкүлү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Зарылбек Рысалиев «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылганы боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде кечээ Ички иштер министрлигине суракка чакырылган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, саат 14:00 чамасында тыныгуу жарыяланган. Тыныгуу учурунда Рысалиев өзүн жаман сезип, дарыгерлердин жардамы керек болгон. Аны ооруканага алып кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM