Биз менен байланышыңыз

Кыргыздын атактуу кинорежиссёру Болот Шамшиев ооруканага түштү

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 875 | 0

Кыргызстандын атактуу кинорежиссёру Болот Шамшиев бир айдан бери президенттин алдындагы атайын оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу  кинорежиссёрдун туугандарынын айтканына таянып, санаалаштары маалымдады.

Туугандарынын билдиргенине караганда, дарыгерлер Шамшиевдин абалы боюнча толук аныктама айта элек. Кинорежиссёрдун ден соолугуна кам көрүүнү президент өзү көзөмөлдөп жатканы кабарланат.

Советтик жана кыргызстандык кинорежиссёр, сценарист, актер Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда туулган.  Ал «Ак кеме», «Караш-Караш», «Сүйүү закымдары» ж.б бир катар белгилүү фильмдердин режиссеру жана «кыргыз кереметинин» көрүнүктүү өкүлү болуп саналат. Шамшиев 1975-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына, 1977-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал эми 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамын алган.

Copyright © 2017 Maral FM