Биз менен байланышыңыз

Зарылбек Рысалиевдин камалганы айтылууда

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 697 | 0

Мурдагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси жана учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу Ички иштер министрлигинде сурак берип, андан кийин камакка алынганын бир нече маалымат агенттиктери жеке булактарына таянып жазып чыгышты.

Зарылбек Рысалиев ИИМдин тергөө кызматында эртең менен саат 10дон бери сурак берип жатканы буга чейин айтылган болчу.

Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Эске салсак, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да Батукаевдин иши боюнча кармалып, 26-июнга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM