Биз менен байланышыңыз

Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 539 | 0

Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани бүгүн, 13-июнда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

13-14-июнь күндөрү Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Ал эми байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери келет.

Copyright © 2017 Maral FM