Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Инвестициялык долбоорлорду Кытай менен ишке ашырууга кызыктарбыз

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 472 | 0

Кыргызстан экстремизм, терроризм жана сепаратизмге каршы күрөшүүдө Кытай менен бир көз карашта. Аймактык жана глобалдык коопсуздукту, туруктуулукту камсыздоо Кытайдын жана Кыргызстандын ички саясаты болуп кала бермекчи. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусунда айтты.

— Кыргызстан Кытай менен жакын дос, ынак өнөктөш болуп саналат. Экономикалык тармакта Кытайды негизги өнөктөш катары санайбыз. Биз соода алаканы жакшыртып, инвестициялык долбоорлорду чогуу ишке ашырууга кызыкдарбыз. «Бир алкак бир жол» долбооруңуздар биз үчүн да чоң мааниге ээ. Бул боюнча мамлекеттер аралык жумушчу топту түзүп, долбоорду ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгууну сунуштайм, — деди президент.

Мамлекет башчы мындан тышкары, Кытай өкмөтү Кыргызстандын энергетика, транспорт, айыл чарба жана ирригация жана өзгөчө кырдаалдар тармагына көмөк көрсөткөнүн эске салды.

Си Цзиньпин Кыргызстандын жашоосунда жылыштар болгонун айтып, ыраазычылык билдирди. Кытай Кыргызстан үчүн ар тараптуу өнөктөш экенин да белгилеп, кызматташуунун мындан ары да уланарын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке мамлекеттик сапарынын алкагында келди. Тар жана кеңири жолугушуулардын жыйынтыгында 20 документке кол коюлары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM