Биз менен байланышыңыз

Орусияда 9-кабаттан кулаган кыргызстандык кыздын абалы оор

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 505 | 0

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык студент кыз тогузунчу кабаттан кулап, ооруканага жаткырылды. Абалы оор. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

17 жаштагы кыргызстандык кыз апасы, эжеси менен бирге турган Пушкин районундагы Колпин шоссесинин 34/1 дарегиндеги үйдүн тогузунчу кабатынан кулаган.

Окуя кечээ саат 21:00дө катталган. Кырсык болгон учурда ал үйдө жалгыз болгон. Күбөлөрдүн айтымында, студент кыз кырсык болордун алдында терезе жууп жаткан.

Жабыркаган кызды ооруканага «Тез жардам» кызматы алып келген. Дарыгерлердин айтымында, анын мээси чайкалган, көкүрөгү, буттары жана оң акыреги сынып кеткен.

Учурда полиция окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM