Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 20 документке кол коюлат

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 454 | 0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик визити башталды. Анда Кытайдын президентин “Ала-Арча” резиденциясында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ардактуу кароолдун коштоосунда тосуп алды.

Мамлекеттик визиттин тартибине ылайык, сүрөткө түшүү аземи болду, учурда кеңири чөйрөдөгү жолугушуулар өтүүдө. Анын жыйынтыгында 20 документке кол коюлары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, 13-14-июнь күнү Бишкекте ШКУнун саммити өтөт. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Ал эми байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери катышат.

Copyright © 2017 Maral FM