Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту жүргүнчүлөрүнөн кечикпей келүүсүн өтүнөт

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 813 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине байланыштуу Бишкекте жол кыймылдарына чектөө киргизилет. Ошол себептүү «Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү учакка кечигип калбоосу үчүн аба майданга өз мөөнөтүнөн эрте келүүсүн өтүнөт.

12-15-июнь күндөрү «Манас» аэропортунан «Ала-Арча» резиденциясына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Ал эми 13-14-июнь күндөрү Бишкекте ШКУнун саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Ал эми байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери келет.

Copyright © 2017 Maral FM