Биз менен байланышыңыз

Исаев: Батукаевдин бошотулушунун артында Атамбаев турган

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 442 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди абактан бошотуунун артында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин турганын айтып чыкты. Анда ал ошол кезде түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгонун айтып, УКМКнын мурдагы төрагасы Болот Жунусовго суроо бергенин эске салды.

— Ошондон кийин Болот Жунусов Атамбаевге барыптыр. Кийин Атамбаев менин чакырып, экөөбүз өйдө-ылдый болгонбуз. Ошондо менин бардык күмөнүм тарап, бул иштин артында Атамбаев турганы белгилүү болгон.

Депутат мындан тышкары, Алмазбек Атамбаевдин бир катар ишин санап, алардын мыйзамсыз экенин айтты. Бирок атайын органдар баа бербей жатканын сынга алып, Жогорку Кеңеш экс-президентке тиешелүү баа берүүсү керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM