Биз менен байланышыңыз

Прокурор Молдомуса Конгантиевди 6 жылга эркинен ажыратууну суранды

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 374 | 0

Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин соттук иши каралып, анда прокурор аталган жаранды 6 жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом айып пул салынышын суранды.

Кийинки териштирүүдө Конгантиевге акыркы сөз берилип, андан кийин сот чечим чыгарат. Кийинки отурум 19-июнда өтөт.

Эске салсак, мурдагы Ички иштер министри Конгантиевге 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдагы 7-апрелиндеги окуялардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери менен кылмыш иши козголгон.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM