Биз менен байланышыңыз

«Реалга» өткөн Эден Азар 7-номурга ээ болот

Спорт | 11 Июн 2019 | 437 | 0

«Челси» футболдук клубунун чабуулчусу Эден Азар испаниялык «Реал Мадриддин» катарына кошулду. Белгиялык футболчу менен 5 жылдык келишим түзүлгөнүн «Реал Мадрид» клубунун расмий сайты жазды.

Оюнчуну тааныштыруу 13-июнда «Сантьяго Бернабеуда» өтөт. Эден Азар буга чейин Рауль, андан соң Роналдо ойноп келген 7-номурга ээ болот.

Эске салсак, белгиялык чабуулчунун 130 миллион фунт-стерлингге сатылганы айтылган.

Кошумчалай кетсек, Эден Азар «Челсинин» катарында 2012-жылдан бери ойноп келет. Бул убакыт аралыгында ал жалпысынан 352 оюн өткөрүп, 110 гол жана 92 голдук өткөрүп берүүнүн автору болгон. Ошондой эле, ал эки ирет АПЛнын, эки ирет Европа Лигасынын жана Англия Кубогунун, Англия Лигасынын жеңүүчүсү болгон. Мындан сырткары, 2014-2015-жылкы сезондо АПЛдин мыкты оюнчусу аталган.

Copyright © 2017 Maral FM