Биз менен байланышыңыз

Зидан “Реал Мадридди» машыктыра турган болду

Кыска кабар , Спорт | 12 Мар 2019 | 612 | 0

Зинедин Зидан Испаниянын “Реал Мадрид” клубунун башкы машыктыруучусу болуп кайрадан дайындалды. Бул тууралуу клубдун расмий сайты жарыялады.

Бул жолкусунда франциялык адис 2022-жылга чейин келишим түзгөнү кабарланууда.

Кайрадан дайындалган кийинки Зидан «Мен бул клубду жакшы көрөм, ошон үчүн кайра келдим» деп айткан.

Зидан Европада эң престиждүү делген Чемпиондор Лигасын үч жыл удаасы менен уткан жападан жалгыз машыктуруучу.

Зидан буга чейин Падышалык клубдун башкы машыктыруучусу караты 149 оюн өткөрүп, 104 ирет жеңишке жеткен. Эң акыркы жеңиши 2018-жылы Украинанын Киев шаарында Чемпиондор Лигасынын финалы болгон.

Зидан Реалда машыктыруучулук мыкты рекордду камсыздаган, алгачкы 70 оюндан 51 утуш, 14 тең чыгуу жана 5 ирет утулган.

Copyright © 2017 Maral FM