Биз менен байланышыңыз

Футбол: Лука Модрич Эден Азарга 10-номерди берген жок

Кыска кабар , Спорт | 14 Июн 2019 | 673 | 0

2018-жылдагы дүйнөнүн эң мыкты футболчусу, «Алтын Топ» сыйлыгынын ээси Лука Модрич «Реал» клубундагы 10-номерди Эден Азарга берүүдөн баш тартты.

Бул тууралуу Падышалык клубдун курамына жаңыдан өткөн Эден Азар реалчы катары берген биринчи маегинде айтты.

«Мен Ковачич аркылуу Модрич менен сүйлөшкөм. Тамашага салып, «Реал Мадриддин» курамына өткөндө, мага 10-номерди бересиңби?» — деп сурагам. Ал: «Жок!» — деп жооп кайтарган», — дейт Азар.

«Негизи кайсыл сан менен ойногон эмес… Башкысы, «Реалдын» формасын кийип ойноп, анын желегин бийик көтөрүү маанилүү», — деди бельгиялык футболчу.

Copyright © 2017 Maral FM