Биз менен байланышыңыз

Европа лигасынын мыкты оюнчусуна кимдер талапкер?

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 30 мая 2019 | 578 | 0

Анлгиянын «Челси» футболдук клубу «Арсеналды» жеңип, Европа лигасынын чемпиону болду. Ушуга удаа эле УЕФА Европа лигасынын жыйынтыгы боюнча мыкты футболчу болууга талапкерлердин аттарын атады. Алар: коргоочу Эмерсон Палмиери Дос-Сантос, жарым коргоочу Эден Азар жана Педро Родригес, ошондой эле, чабуулчу Оливье Жиру.

Жыйынтыктуу топ өткөрүү боюнча Эмерсон 88 пайызга ойногон. Азар 2 гол киргизип, топту өткөрүүгө жардам берген. Жиру да гол киргизүүдө өз активдүүлүгүн көрсөтө алды. Ал эми Педро жеңиш голунун ээси болду. Футболчулардын эсте калтырган соккуларын УЕФАнын сайтынан көрө аласыздар жана мыкты деп эсептеген оюнчуга добуш берүү да аталган сайтта жүрүүдө.

Лондондук «Челси» Европа лигасынын жеңүүчүсү катары Чемпиондор Лигасына жолдомо алды.

Чемпиондор Лигасынын финалы 2-июнга караган түнү өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM