Биз менен байланышыңыз

Месси Роналдунун чогуу тамактануу сунушуна жооп берди

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 12 Сен 2019 | 1236 | 0

«Барселонанын» чабуулчусу Лионель Месси «Ювентус» форварды Криштиану Роналдунун чогуу тамактануу боюнча сунушуна жооп берди.

«Мен ар дайым Роналду менен ортобузда пикир келишпестик болбогонун айтып келем. Ынак дос эместигибиздин себеби: эки башка командада болгонубуздун таасири. УЕФАнын акыркы иш-чарасында мурдагыдан көп баарлаштык. Чогуу тамактануу?.. Эки башка өлкөдө жашаганыбызга байланыштуу бул канчалык мүмкүн билбейм, бирок андай мүмкүнчүлүк жаралса, эмнеге баш тартмак элем?», — деди Месси.

Эске салсак, УЕФАнын мыкты футболчусун тандоо аземинде португалиялык чабуулчу Роналду журналисттин суроосуна жооп берип жатып, «Биз бул аренаны 15 жылдан бери бөлүп келебиз, мен жана ал. Качан футболдо мындай болгон? Мен билбейм. Дайыма, жанагы эле экөө… Албетте, биз жакшы мамиледебиз. Бирок чогуу отуруп тамактанган эмеспиз (күлүп). Бирок, бул жакында ишке ашат деген ойдомун», — деп, Месси менен чогуу тамактануу оюн билдирген.

Меценат Тольбаев Месси менен Роналдуну Кыргызстанга чакырды

Copyright © 2017 Maral FM