Биз менен байланышыңыз

Европа Лигасы быйыл Англиялык финал менен жыйынтыкталат

Кыска кабар , Спорт | 10 мая 2019 | 584 | 0

Кечээ Европа футболдук уюмунун (УЕФА) Европа лигасы мелдешинин финалисттери аныкталды. Анда Англиянын эки командасы: «Арсенал» менен «Челси» беттешет.

Жарым финалдык беттештин жооптук оюндарында «Арсенал» Испаниянын «Валенсия» клубун конокто 4:2 эсебинде утту (биринчи беттеш 3:1).

Ал эми «Челси» Германиянын «Айнтрахт» клубун утуп финалга чыкты.

Бул эки команданын Франкфурттагы беттеши 1:1 менен бүткөн болчу.

Кечээ болгон беттештин негизги убактысында эсеп 1:1 менен аяктады. Жеңүүчү пенальтилер сериясы аркылуу аныкталды.

Лондондуктар таамай тээп, 4:3 эсебинде жеңишке жетип, мелдештин финалына жолдомо алды.

Европа Лигасынын «Арсенал» — «Челси» финалдык беттеши 29-майда Азербайжандын Баку шаарында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM