Биз менен байланышыңыз

Разаков ШКУнун саммитинде коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 429 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жеңиш Разаков «Манас» эл аралык аэропорту, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы сыяктуу бир катар объекттерди, ошондой эле, мейманкана комплекстерин жана инфратүзүмдүк объекттерди даярдоонун жүрүшүн текшерди.

Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коомдук коопсуздукту жана укук тартибин, жол жана өрт коопсуздугун камсыздоо, энергия менен камсыз кылуу, саммиттин иш-чаралары өткөн жерлерде медициналык кызматкерлердин болушу боюнча тапшырмаларды берип, терроризмге каршы чараларды күчөтүүнү милдеттендирди.

Белгилей кетсек, 13-14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM