Биз менен байланышыңыз

ЖАМК: Салянованын өмүрүнө коркунуч болгон жок

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 463 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата коркутуу болуп жатканын четке какты.

Мекеменин берген маалыматына таянып айтсак, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалган Салянованын өмүрүнө эч кандай кооптуу жагдай жаралган жок. Ал аялдар кармалган корпуста.

Салянова өзү да өмүрүнө коркунуч келтирилгени боюнча арызданган эмес. Тергөө абагындагы медициналык персонал тарабынан тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө.

Салянованы жактоочулар, парламент депутаттары, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын өкүлдөрү, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү жана башка жакындары андан кабар алып турушат.

Эске салсак, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова Салянованын дарегине крим чөйрөдөгүлөр тарабынан коркутуулар болуп жатканын айткан.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

Депутаттарды канчалык тааныйсыз? (КСДП фракциясы)

Copyright © 2017 Maral FM