Биз менен байланышыңыз

Президент Тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 467 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитине, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий визиттерине даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы бардык аты аталган иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бардык даярдык иштери мурда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле, тышкы саясат ведомствосунун алдында турган учурдагы актуалдуу милдеттери тууралуу айтып берди.

Copyright © 2017 Maral FM