Биз менен байланышыңыз

Бишкекте манасчы Жусуп Мамайдын эстелиги ачылды

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 492 | 0

Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайдын эстелиги ачылды.

Эл жазуучусу Бексултан Жакиев дал ушундай манасчылар бар болгону үчүн «Манас» эпосу бүгүнкүгө чейин сакталып келгенин белгилейт.

«Манасчылардыын болгону биз үчүн бакыт. Манасчылар улап айтып келгени үчүн «Манас» эпосу азыркыга чейин сакталып калды. Улуу манасчылардын катарында Жусуп Мамай да бар. Эпосто кыргыздын турмушу: тарыхы, каада-салты жана маданияты бүт чагылдырылган. Ошондуктан, биз манасчыларды урматтап, аларды ар дайым эскеришибиз керек», — деди Эл жазуучусу.

Шаардагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына тургузулган эстеликти Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, чебер айкелчи Тургунбай Садыков жасаган. Автордун айтымында, эстеликти даярдоого бир жылдай убакыт кеткен. Образды жаратуу үчүн айкелчи Кызыл-Суу аймагына барып, ал баскан жолду басып, изденген.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов эстеликти даярдоого каражат мамлекеттик казынадан сарпталбаганын маалымдап, Кызыл-Суунун эли жана айрым депутаттар каржылык көмөк көрсөтүшкөнүн билдирди.

Ачылыш салтанатка Президенттик Аппараттан, Жогорку Кеңештен, Өкмөттүк Аппараттан, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, Бишкек шаардык мэриясынан өкүлдөр, ошондой эле, коомдук ишмерлер, маданият ишмерлери да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM