Биз менен байланышыңыз

Токтошев: Парламентке Текебаев жетишпей жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 1200 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмиль Токтошев «Марал» радиосуна берген маегинде парламентке саясатчы Өмүрбек Текебаев жетишпей жатканын билдирди.

Анын айтымында, эгерде Текебаев парламентте болгондо, Жогорку Кеңеште кырдаал башкача болмок. Учурда эл өкүлдөрү саясатка көп кийлигишпей, мыйзам чыгаруу, экономикалык маселелер менен иштеп жатат.

«Фракциялар программасына жараша бөлүнөт, бирок ичи ара ынтымактуубуз. Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы эл өкүлдөр бизден ашып кеткен эмес. Ал эми легендарлуу парламенттин депутаттары масштабдуу мыйзамдарды кабыл алган», — дейт Токтошев.

Анын пикиринде, мамлекетти өнүктүрүү үчүн парламенттик шайлоодогу босого упай 9 пайыздан түшпөшү керек. Анткени, босого упай төмөндөтүлсө, парламентке көп фракция келет. Тескерисинче, партиялар биригүүгө барышы керек. Кыргызстан парламенттик шайлоодогу босого упай 7 % болсо идеалдуу болот.

Токтошев мындан сырткары, Эсептөө палатасынын отчетунда кемчиликтер көп экенин, каржылык бузуулар көбөйүп, мыйзам бузган жарандар жазага тартылбай жатканын белгиледи.

Эл өкүлү инвестициялар максаттуу пайдаланылбай жатканын айтып, көзөмөлдүү күчөтүү керектигин билдирди. Ошондой эле, учурда өлкөгө келген акчаларга ревизия жүрүп жатканын, бул боюнча сентябрь айында толук маалымат берилерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM