Биз менен байланышыңыз

Текебаевдин иши боюнча бардык өкүмдөр жокко чыгарылды

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 1962 | 0

21-августта Жогорку сотто «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, буга чейинки өкүмдөр жокко чыгарылды.
Соттун чечимине ылайык, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра карала турган болду.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү максатында орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM