Биз менен байланышыңыз

«Абылгазиев «КТ Мобайл» үчүн кызматтан кеткени туура эмес болмок»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 644 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир гана «КТ Мобайл» ишканасы боюнча моралдык жоопкерчилик алып кызматтан кетсе, туура эмес болмок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эмиль Токтошев «Марал» радиосуна берген маегинде  билдирди.

«КТ Мобайл» боюнча тергөө органдарынын жана депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыга элек. Өкмөт башчы кетип калса,  жоопкерчиликтен качкан болуп эсептелинмек. Ал моралдык жоопкерчилик алсын, бирок милдетин таштап кетүүсү туура эмес», — дейт Токтошев.

Токтошев ошондой эле, Абылгазиевдин өкмөтү «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырганын эске салып, аны артыкчылык катары баалады.

Токтошевдин айтымында, аймактарда өнүгүү байкалууда. Күзүндө мектептер 100 % интернет менен камсыз болот. Алыскы аймактарда жол, мектеп, спорттук жайлар курулуп жатат. Башкача айтканда, өкмөт социалдык объекттерди курууда аракет кылууда, бул багытта жылыштар бар.

Copyright © 2017 Maral FM