Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш «КТ-Мобайл» боюнча токтом кабыл алды

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 807 | 0

«Кт-Мобайл» жана «Альфа-Телеком» уюлдук компанияларынын ортосундагы чарбалык чатакты иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын токтом долбоору Жогорку Кеңеште кабыл алынды. Жалпы 98 депутат катталып, анын 91и кабыл алынсын деген добуш беришти.

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиясынын төрагасы Курманкул Зулушев баяндагандай, компания бюджетке киреше киргизген эмес, эсеп-кысап иштеринин тартиби сакталбаган, компаниянын жетекчилери менен кызматкерлерине негизсиз эле чоӊ өлчөмдөгү эмгек акылар чектелип, аларга маяналар менен сый акылар ырааттуу төлөнүп келген. Андан тышкары, «Ачык өкмөт» коомдук уюмунун жооптуу катчысы Иманкадыр Рысалиевдин компаниянын ишине мыйзамсыз кийлигишкени белгилүү болгон.

Ошондой эле, «КТ Мобайл» компаниясынын ишмердиги боюнча «Ачык өкмөт» коомдук уюмунун жооптуу катчысы Иманкадыр Рысалиевдин компаниянын ишине мыйзамсыз кийлигишкени үчүн премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги белгиленсин деп токтом кылынды.

Иликтөө иштеринин жүрушүндө Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган бир катар мамлекеттик органдардын, мекемелердин өкүлдөрүнөн маалыматтар алынган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында «Кыргызтелеком» Ачык акционердик коомуна караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM