Биз менен байланышыңыз

Мегаком: Айлык акылар тууралуу тараган маалыматтар жалган

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 745 | 0

Социалдык тармактарда фейк аккаунттар «Альфа Телеком» (Мегаком) ишканасынын кызматкерлеринин айлык акылары боюнча маалыматтарды таратып жатат. Андагы барактарда эч кандай кол тамга да, мөөр да басылган эмес, аны каалаган адам жасап алса болот. Демек, баары — жалган маалымат. Мындай пикирин «Альфа Телеком» компаниясынын маалымат жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов «Маралга» билдирди.

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында «Альфа Телеком» (Мегаком) ишканасынын директору Акылбек Жамангулов 200 миң сом айлык ала турганын айткан. Бул жагынан алып караганда, «Кантип эле ишкананын башка кызматкерлери жетекчисинен көп айлык алсын?» — деген суроо пайда болот. Андыктан, айлык акылар тууралуу тараган маалыматтардын баары чындыкка дал келбейт», — деди Жумгалбек Өмүрканов.

Эске салсак, буга чейин интернетке «КТ Мобайлдын» жетекчилеринин айлыктары 300 миң сом деген маалымат тарап, коомчулуктун талкуусуна кабылган болчу. Андан соң бул боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM