Биз менен байланышыңыз

«Salam» оператору: көңүл жылытпаган башталыш

Экономика | 19 Окт 2019 | 1030 | 0

«Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун өнөктөштүгүнүн натыйжасында «Salam» байланыш оператору ишке кирип, ушул жылдын август айында биринчи чалуу жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин «Salam» байланыш операторунун ишмердүүлүгү тууралуу изилдеп көрдүк.

15-августта «Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасына караштуу «КТ Мобайл» компаниясы «Salam» деген соода бренди менен SIM-карталарды сатыкка чыгарган. Учурда «Salam» виртуалдык оператор катары ишин жүргүзүүдө жана «Альфа Телеком» компаниясынын техникалык жабдуусун, станцияларын колдонууда. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Тимур Алкожоев билдирди.

-«КТ Мобайл» жыштык спектрин иштетүүгө, маалымат алмашуу тармагында иш жүргүзүүгө, байланыш телематикалык кызматтар чөйрөсүндө иш алып барууга лицензия алган. Бүгүнкү күндө «Salam» өлкөбүздүн бардык региондорунда иштеп жатат. «КТ Мобайл» 2018-жылдын 5-декабрында «Альфа Телеком» менен келишим түзгөн. Азыркы учурда ошол келишимдин негизинде иш алып барууда.

 «Salam» жаңы байланыш операторунун тармагында биринчи чалуу ушул жылдын 15-августунда жүргүзүлүп, 2-сентябрдан тарта «Мегакомдун» сатуу жана тейлөө кеңселеринде SIM-карталар сатыкка чыкканын, «КТ Мобайл» компаниясынын маалымат катчысы Альбина Туратбекова маалымдады. Ошондой эле ал «компания банкрот болот» дегенге негиз жок экенин белгиледи.

-“Salam” жаңы байланыш операторунун тармагында биринчи чалуу ушул жылдын 15-августунда жүргүзүлдү. 2-сентябрдан тарта «Мегакомдун» сатуу жана тейлөө кеңселеринде 18 316 SIM-карта сатыкка чыккан жана 17-октябрга карата анын 3000и сатылды. Учурда «Salam» өлкөнүн бардык аймактарында иштеп жатат, ошондой эле азыркы этапта аталган компания кардарлар менен өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүнүн, абоненттик базаны кеңейтүүнүн жана көбөйтүүнүн үстүндө иш алып барууда. Ал эми, «Компания банкрот болот деген маалымат туура эмес, андай болбойт жана болушу мүмкүн эмес. Анткени, «Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилиги тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоонун натыйжасында, компания акырындап өнүгүп баратат.

Буга чейин «КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосундагы келишим боюнча чыр чыгып, маселенин чоо-жайын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия виртуалдык оператор түзүү боюнча «КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосундагы келишим туура болгон деп тапкан. Комиссиянын мүчөсү, депутат Марлен Маматалиев «КТ Мобайл” ишин баштаар алдында эле бир топ сын айтылган”,-дейт. Анын белгилешинче, компания 6 ай ичинде чоң жыйынтыктар болорун убадалаган.

-“КТ Мобайлга” депутаттык комиссия да бир топ сындарды айтканбыз. Компания “SIM-карталар сатылып кетет, көрсөткүч жакшы болот, бат эле киреше таап баштайбыз”,-деген өзүнүн финансылык планын айткан. Тилеке каршы, бүгүнкү күндө айта турган өнүгүү байкала элек. Бул маселени көтөрөбүз. Бирок бир аз убакыт берели. Себеби алар “6 айдын ичинде жакшы аракеттер болот”, деген сөздөрүн айтышкан. 6 айдан соң дагы баа беребиз. Бул маселе сөзсүз түрдө каралат.

Эл өкүлү мындан сырткары, «Salam» бренди ишин баштап, SIM-карталары сатыкка чыккандыгы жөнүндө эч жерден жарнама байкабаганын айтат.

Сөз болуп жаткан байланыш операторунун жарнамаларын байкабаганын «Биздин мурас» коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек да айтты. Ал ошондой эле, виртуалдык оператор чоң ийгилике жетери күмөн экенин белгиледи.

-Виртуалдык оператор болуп чыгып, чоң жетишкендике жетүү мүмкүн эмес. Бул убакта 3000 SIM-карта сатканы — начар көрсөткүч. Менин оюмча, мындай көрсөткүчтөр менен келечеги жакшы болбойт. Мындан сырткары, көп нерсени бүгүнкү күндө инвестиция чечет. Анткени, байланыш операторлору негизги кирешесин интернеттен көрөт.

Эске салсак, «Salam» байланыш оператору мамлекеттик эки компаниянын «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомунун өнөктөштүгүнүн натыйжасында ишке киргизилген.

«Salam» байланыш операторунун сайтында маалыматтар аз, анын үстүнө кыргызча маалымат таба алган жокпуз. Биздин редакция кайрылганда, тийиштүү суроого жоопту алуу бир нече убакытты талап кылды.

Copyright © 2017 Maral FM