Биз менен байланышыңыз

Эл өкүлү: Өкмөттүн ишине күзүндө баа беребиз

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 599 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмиль Токтошев «Марал» радиосуна берген маегинде эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине күзүндө баа берип, жыйынтык чыгарарын билдирди.

«Эл өкүлдөрү өкмөттү алмаштырууну кааладык. Бирок ал экономиканын өсүшүнө зыянын тийгизет, кайра артка кетебиз. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөртүүлөргө сөз берди, андыктан, биз да ага убакыт бердик. «КТ Мобайл» ишканасы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия иштеп жатат. Анын жыйынтыгына жана 6 айда аткарылган иштерге жараша өкмөткө баа беребиз. Байкайлы, өнүгүү болбосо, күзүндө ачык айтып, маселени капталынан коюуга даярбыз. ШКУ саммитин жакшы тосуп алуу зарыл. Кыжылдашып турсак, келгендерде да терс ой жаралышы мүмкүн», — дейт Токтошев.

Ал экономикада өсүү болгону менен элдин турмушуна таасир эткен өзгөрүүлөр, реформалар болбой жатканын айтат.

Эл өкүлүнүн айтымында, өкмөттүн иш-аракети командадан көз каранды. Абылгазиев баарына өзү жоп берет. Анткени, кадрларын өзү тандайт.

«Өкмөт бекиткен программасын ишке ашыра алган жок. Алсак, аткезчиликти жоюуга алы жетпей жатат. Эгерде бул маселе Коопсуздук Кеңешинин жыйынына чыкса, анда Салык кызматынын, Финполдун, УКМКнын, Бажы кызматынын жетекчилери отставкага кетиши керек. Аткезчиликтин айынан мамлекеттик казына толбой жатат. Бул — өкмөттүн чабалдыгы», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM