Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун жазасын кыскарткан жок

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 1502 | 0

3-майда Жогорку Сот саясатчы Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырды. Отурумда эки саясатчынын үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин гана жокко чыгарды.

Өмүрбек Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү максатында орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM