Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитине келген коноктор Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына жайгашат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоев белдирди.

«Резиденцияда ар бир лидерге бирден хансарай берилет. Алардын баарында оңдоо иштери жүргүзүлдү«, — деди Турдуназир Бекбоев.

Ошондой эле Бекбоев, хансарайларда лидерлер жана аларды коштоп жүргөндөр гана турушарын айтып, делегация мүчөлөрү мейманканаларга жайгаштырыларын кошумчалады.

Мындан сырткары, Монголиянын президенти менен Индиянын премьер-министри шаарда калууну кааларын айтышкан. Андыктан, аларга Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринен орун берилет.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик резиденцияда жалпы 15 мамлекет башчыга орун камдалган.