Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Мыкты боз үй» сынагы өтөт

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 402 | 0

26-июндан 28-июнга чейин Дүйнө элдеринин эпосторунун V эл аралык фестивалынын алкагында «Мыкты боз үй» сынагы  өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сынактын негизги максаты боз үй жасаган чеберлерден өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу болуп саналат.

Сынакка чеберлер нукура элдик технологияны колдонуу менен жасалган, ички-сырткы жасалгалары толук бүткөрүлгөн боз үйлөрүн катыштыра алат.

Катышууну каалагандар 20-июнга чейин анкета толтурушу керек.

 

Copyright © 2017 Maral FM