Биз менен байланышыңыз

ТИМ Орусиянын абагында жаткан кыргызстандыктардан кабар алат

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 548 | 0

Тышкы иштер министрлигинин Орусиядагы консулдук департаментинин жетекчилиги жана Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Пермь, Челябинск жана Свердловск облустарынын абактарында камакта жаткан кыргызстандыктар менен жолугушат. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаментинен кабарлады.

Жолугушууну Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн абактарында жаткан кыргызстандыктардын укугун коргоонун алкагында уюштурган.

Орусиянын онго жакын түзөтүү жайында 150 кыргызстандык камакта жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Жолугушуунун алкагында алар менен маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM