Биз менен байланышыңыз

Мурат Примбердиев «Манас» аэропортуна президент болду

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 816 | 0

Мурат Примбердиев «Манас эл аралык аэропорту» Ачык акционердик коомунун президенти — башкаруу органынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Мурат Примбердиев ишкананын Директорлор кеңешинин көпчүлүгүнүн колдоосу жана эң негизгиси премьер-министрдин анын талапкерлигине макулдук катынын негизинде бул кызматка келди.

Эрежеге ылайык, ишкананын башчысы премьер-министрдин макулдук каты жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунуштамасынын негизинде Директорлор кеңешинин макулдугу менен бекитилет.

Буга чейин аталган кызматты Нурлан Акматов аркалап келген.

Copyright © 2017 Maral FM