Биз менен байланышыңыз

Осмоналиев: Парламент зыянга иштеп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 660 | 0

Жогорку Кеңешти таркатуунун убагы келди. Парламенттик шайлоо канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы. Анткени, учурда парламент зыянга иштеп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Азыркы парламент экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламенти. Аны Атамбаев кандай сүйрөп өткөнүн билебиз. Парламент өз жүзүн көрсөттү. Алсак, эл өкүлдөрү Сапар Исаковду премьер-министрликке коёрдо кандай колдошту эле? Кийин Исаков камалганда эмнелерди гана айтышпады?», — дейт Осмоналиев.

Анын айтымында, учурда элдин аң-сезими такыр башкача. Андыктан, бийлик ШКУнун жыйынын шылтоо кылбай, күнү-түнү иштеши керек.

Copyright © 2017 Maral FM