Биз менен байланышыңыз

«Жаштар саясаттын ыплас оюндарына катышууну каалабайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 478 | 0

Азыркы жаштар саясаттын ыплас оюндарына катышууну каалабайт. Мындай пикирин Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бийликке жаңы муундагы саясатчылар келиши зарыл. Бирок болбой жатат. Анткени, калыптанып калган себептер бар. Бийликте олигархтар отурат. Шайлоо да, саясат да акчага байланып, жаштардын келишине шарт түзүлбөй жатат», — дейт Сооронкулова.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматтарга кабыл алууда реформа болуп, акыркы 5 жылга салыштырмалуу жакшы жылыштар бар. Кызматкерлер сынактын негизинде тандалып алынууда. Бирок сынак кандай жүрүп жатканы боюнча маалымат жана ага көзөмөл жок.

«Чечүүчү бир топ кызматты өзгөчө тартипте дайындала турган кызматка өзгөртүп койгон.  Президенттин тегерегинде кеткен катачылыктарды оңдоого, реформа жүргүзүүгө команда жок болуп жатат. Парламент президенттен да  күчтүү болушу керек эле. Бирок алсыз болуп жатат», — дейт Сооронкулова.

Ал буга кошумча, КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM