Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев ыплас сөздөрдү айтуу менен өзүнө баа берди»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 554 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин митингде айткан сөздөрүнө жооп кайтаруусу зарыл эле. Анткени, унчукпай коюу көп ой жаратат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү жакшы иштей албай жатат. Атамбаев митингде өлкө башчынын абийирине, аброюна шек келтирди. Ал ыплас сөздөрдү айтуу менен өзүнө баа берүүдө.

«Экономикалык өсүш боюнча сөз кыла албайбыз. Экономика өсүп турганда ушундай дебаттар болсо, эл да түшүнмөк. Учурда бийлик критикалык абалда турат. Өкмөт айып пулдардын көлөмүн көтөрүп, элдин кыжырына тийди. Бул экономиканы өнүктүрүүнүн жолу эмес», — дейт Осмоналиев.

Белгилей кетсек, КСДП 8-июнда «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аталышындагы митинг өткөрүп, ага Атамбаев да катышкан. Иш-чаранын соңунда резолюция кабыл алынып, бийликке 5 талап коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM