Биз менен байланышыңыз

Саат 16.00гө карата Казакстандык шайлоочулардын 69,5%ы добуш беришти

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 463 | 0

Казакстанда президенттик шайлоого саат 16.00гө алынган мааалымат боюнча, жалпы шайлоочулардын 69,5%ы же 7,8 млн жаран өз добуштарын беришти. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды.

Эң көп шайлоого катышкандар Актөбө облусунун шайлоочулары болуп, 79,7%ды түздү, эң аз Алма-Атада катталып, добуш бергендер  45,7%га жеткен.

Шайлоого жалпысынан 12 миллионго жакын шайлоочунун катышуусу күтүлүп жатат. Президенттикке 7 талапкер ат салышууда.

Бул Казакстандын эгемендүүлүгүнөн кийинки президенттик алтынчы шайлоо. Өлкөнү 30 жылга жакын башкарган Нурсултан Назарбаев 20-мартта отставкага кетип, өлкөнү башкарууга Касым-Жомарт Токаев келген. Токоев президенттик кызматка келип, 3 жумадан кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүнү жарыялаган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM