Казакстанда президенттик шайлоого саат 16.00гө алынган мааалымат боюнча, жалпы шайлоочулардын 69,5%ы же 7,8 млн жаран өз добуштарын беришти. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды.
Эң көп шайлоого катышкандар Актөбө облусунун шайлоочулары болуп, 79,7%ды түздү, эң аз Алма-Атада катталып, добуш бергендер 45,7%га жеткен.
Шайлоого жалпысынан 12 миллионго жакын шайлоочунун катышуусу күтүлүп жатат. Президенттикке 7 талапкер ат салышууда.
Бул Казакстандын эгемендүүлүгүнөн кийинки президенттик алтынчы шайлоо. Өлкөнү 30 жылга жакын башкарган Нурсултан Назарбаев 20-мартта отставкага кетип, өлкөнү башкарууга Касым-Жомарт Токаев келген. Токоев президенттик кызматка келип, 3 жумадан кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүнү жарыялаган.