Биз менен байланышыңыз

Кытайдын чыгышындагы жаандан 45 миңге жакын жашоочу эвакуацияланды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 432 | 0

Кытайдын чыгышындагы Цзянси провинциясындагы нөшөрлөп жааган жаандан 45 миңге жакын жашоочу эвакуацияланды. РИА Новости билдиргендей, жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат боюнча суу ташкынынан жабыр тарткандар каттала элек.

Жаан бейшемби күндөн бери жаап токтобой келет. Жергиликтүү бийлик экономикалык жоготууну 94 млн. долларга баалоодо.

Нөшөрлөгөн жаан айыл чарба өсүмдүктөрүн да зыянга учуратып, учурда 37 миң гектар өсүмдүк аянтын суу каптаган.

Ушул убакытка алынган маалымат боюнча, суунун деңгээлинин жогорулашынан 50дөй имарат бузулуп, 90дой имарат жабыркаган. Ошондой эле 1,2 миң жергиликтүү калк жардамга муктаж.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM