Биз менен байланышыңыз

Быйыл Улуттук көчмөндөр оюндары Таласта өтөт

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 436 | 0

Быйыл Улуттук көчмөндөр оюндары Таласта өтөт. Мындай маалымат бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтылганын Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде өлкө президенти тарабынан көтөрүлгөн Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгесин ишке ашыруунун алкагында даярдык көрүү боюнча иш-чаралар комплекси аткарыларын өкмөт башчы белгиледи.

«Оюндардын алкагында өтүүчү спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар этномаданиятты, этноспортту өнүктүрүүгө жана сактоого багытталган. Биз кайрадан бүт дүйнөгө маданий байлыгыбызды жана өзгөчөлүгүбүздү, жаратылышыбыздын кооздугун көрсөтүүгө тийишпиз. Быйыл Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда өткөрүү чечими кабыл алынган», — деди премьер-министр.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденовдун айтымында, оюндардын алкагында Талас шаарынын ипподромунда спорттук мелдештер жана «Манас-Ордо» кыргыз улуттук комплексинде маданий иш-чаралар өткөрүлүп, этнобазар уюштурулат.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук оюндарды өткөрүүнүн негизги жайларын реконструкциялоо маселелери жана Талас шаарындагы башка инфратүзүмдүк объекттердин абалы талкууланды. Мындан тышкары, иш- чараны каржылоо маселеси каралды.

Өкмөт башчы оюндарды өткөрүүгө сапаттуу даярдыктарды камсыздоо, курулуш иштери үчүн каржылоону өз убагында бөлүштүрүү маселесин иштеп чыгууну, бардык оңдоо иштерин сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM